Өзгөндө ок атуучу куралды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ок атуучу куралды жана жардыруучу заттарды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Анда мергенчи катары каттоодо турган 236 жарандын, […]Читать далее
Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – “Этно-бала бакчанын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты. Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Облус жетекчи […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Эл аралык Гуд Нейборс Эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлдөрү жана райондук администрациялардын башчыларын кабыл алды. Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (20%) менен эл аралык гуманитардык бейөкмөт Гуд Нейборс Эл аралык уюму (80%) 15 жылга кызматташуу келишимин түзүп, Кыргызстанда 4 жыл бою долбоорлорду ишке ашырышты. Бул […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Орке айылында эски мектеп бала бакчага өзгөртүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №36 “Керемет дүйнөсү” бала бакчасынын ачылыш аземине мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Бексултан Үсөнов, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын сентябрь […]Читать далее
Күн мурун, 1-февралда Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында Ш. Шеркулов атындагы 275 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу катышты. Аталган мектептин окуу корпустарынын эскилиги жетип, Мамкурулуш тарабынан […]Читать далее
Бүгүн, 1-февралда Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында 375 орундуу мектептин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу менен катышты. Мектептин курулушу КР президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен […]Читать далее
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбор курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Логистикалык борбордун жалпы аянты 0,2 гектарды түзөт. Мында жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Борбордун ачылышына Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, USAID Агросоода долбоорунун жетекчиси Максат Исаков, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун […]Читать далее
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан Талас шаарында акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Талас шаары үчүн 6 миң даана акылдуу эсептегичти орнотуу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө алардын 2 миңге жакыны орнотулуп бүттү. […]Читать далее
2023-жылы Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашаган 144 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул тууралуу блустук Жарандык коргонуу кызматы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга өкүлүктүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, Жарандык коргонуу башчысынын орун басары Абдулнасир Закиров, тийиштүү кызматтар жана онлайн түрдө район-шаар жетекчилери катышты. Жыйында Жалал-Абад облустук өзгөчө […]Читать далее
Социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Нарын облусунда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 600 тонна көмүр таратты. Алсак, Нарын шаарынын жана Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун ар бирине 100 тоннадан көмүр берилген. Буга чейин 2024-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө […]Читать далее