Жалал-Абад шаарында “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынды. Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 15 бала эмгекке […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Вон Иль Хён мырза менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде каражат чогултуу программасынын (фандрайзинг программасы) алкагында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле айыл жергесиндеги аялдарды колдоо, окутуу, логистикалык борборлордун, мектепке чейинки билим берүү […]Читать далее
Баткен облусу Түркиянын “Остим” компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-10 февраль күндөрү, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жетекчилиги астында, Анкара шаарында кыргыз-түрк өкмөттөр аралык 11-жыйынынын алкагында, кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өткөн. Анын […]Читать далее
Баткенде 25 айылда сугат суу жана ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган “Тынчтык үчүн суу: Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жамааттар” долбоору ишке ашууда. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор Баткен жана Лейлек райондорунун 25 айылын камтыйт. Ал айыл тургундарынын сугат жана ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн, социалдык обьектилердин суу менен камсыз кылуусун жана канализациялык […]Читать далее
Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында “Нарын – реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүүнөн билдиришти. Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат. Долбоор 10 бөлүктөн турат: Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет) Нарын […]Читать далее
Талас шаарынын мэринин №185 “Талас шаарынын көчөлөрүндөгү мыйзамсыз кызыл сызыктан чыккан жеке менчик турак үйлөрдүн чектерин тактоо” боюнча буйругунун негизинде Талас шаарынын ичиндеги жеке менчик турак жайлардын кызыл сызыктан чыгып кеткендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, Кадастр мамлекеттик мекемеси, Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын тиешелүү адистери тарабынын […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарында жеке менчик бала бакчаларды жана мектепке чейинки билим берүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган акселерация программасынын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, АРнин өлкө боюнча директору Жылдыз Исабекова катышып, мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Белгилей кетсек, “Биз камкорбуз” аталышындагы акселерация программасы бүгүн старт алып, эки ай бою уланат. Жалпысынан […]Читать далее
Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын район шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертилүүдө. Белгилей кетсек, облус […]Читать далее
Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев жазгы талаа иштери менен жеринде таанышып, картошка, капуста отургузуу иштерине катышып, ошондой эле дыйкандар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Ош облусунун башчысы дыйкандардын көңүлүн быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонуунун маанилүүлүгүнө буруп, ар тараптуу колдоо болоорун […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Түркиянын “ОСТИМ” өнөр жай аймагы менен кызматташуу келишимине кол койду. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, келишимге кол коюу Анкара шаарында өткөн Кыргыз-Түрк бизнес форуму учурунда болду. Тараптар өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана ар кандай тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашты. […]Читать далее