Россия-кыргыз мамилелери өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жатат. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин биргелешкен жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россия менен Кыргызстан үзгүлтүксүз байланышта болуп, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ аркылуу иш алып барат. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жакшы темп менен өнүгүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында товар […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Министрлер кабинетинин төрагасын Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди. Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россиянын Москва шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды. Аэропортто Кыргызстан жана Россиянын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди. Өз ара саламдашуудан кийин эки мамлекеттин гимндери […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) экономика жана соода министрлери менен жолукту. Жолугушууда минкаб төрагасы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын ТМУга мүчө-өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү дээрлик 62%га өскөнүн, анын ичинде экспорт 54,6%га, импорт дээрлик 66%га өстү. “Биз туура багытта бара жатабыз, бирок ушуну менен токтоп калбашыбыз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди мындан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган “АгроТехЭкспо — 2024” агротехникалык көргөзмөсүнө жана “Алтын күз” жарманкеси менен таанышты. Минкаб төрагасы айыл чарба техникалары коюлган көргөзмө менен таанышып, көргөзмөнүн катышуучулары, жер семирткичтерди жана үрөөндөрдүн түрүн чыгырган ата мекендик өндүрүүчүлөр менен баарлашты. Акылбек Жапаров өлкө үчүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барат. Расмий сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Алдыга койгон амбициялуу максаттарыбызга жана милдеттерибизге жакындап жатабыз
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Ал үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,4%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 9,7%ды түздү. Курулуштун дүң продукциясынын өсүш темпи 36,9%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өз сөзүндө минкаб төрагасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан бардык катышуучуларды “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдык мааракеси менен куттуктады. “Акыркы 10 жылдын ичинде “Газпром Кыргызстан” өлкөнү газдаштырууда негизги оюнчуга айланды. Магистралдык газ куурун куруу жана реконструкциялоо сыяктуу ири […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Манас” соода-логистикалык шаары” инвестициялык-курулуш долбоорунун мезгил кутусун салуу аземине катышты. Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышты. Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат. “Бүгүн биз абдан маанилүү окуянын – өлкөбүздүн экономикалык келечеги үчүн олуттуу кадамдын күбөсү болуудабыз. Биз “Манас” соода-логистикалык шаары инвестициялык-курулуш долбоорунун мезгил кутусун […]Читать далее