Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова менен жолугушту. Минкаб башчысы кыргыз-орус мамилелеринин жакшы динамикасын белгилеп, Россия Федерациясы аймактык коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча ишенимдүү жана негизги өнөктөш экенин баса белгиледи. Бул контекстте ал «Евразия» […]Читать далее
Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын «Ынтымак Ордо» жаңы имаратында биринчи аппараттык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды. «Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы […]Читать далее
Чет мамлекеттердин Өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоолор келип түштү. Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү. “Азербайжан менен Кыргызстанды терең тарыхый, маданий жана руханий тамырлар, салттуу достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кемин районундагы клинкер чыгаруучу “Терек-Таш” заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Минкаб төрагасы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн алдындагы бүгүнкү күндүн өзгөчөлүгүн белгиледи. “Бүгүн биз сыймыктануу менен клинкер чыгаруучу жаңы завод ачып жатабыз. Бул Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алдында өлкө президенти белгилеген чоң максаттарды ишке ашыруудагы олуттуу кадам. […]Читать далее
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында үстүбүздөгү жылы республика боюнча 100дөн ашык социалдык объекти жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачылат. Республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата 50дөн ашык социалдык объекти ачылат, алардын ичине мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, турак-жайлар, спорт мекемелери, маданият мекемелер кирет. Ошондой эле 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылат, анын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин Япониянын Осака шаарында өтө турган ЭКСПО-2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө Кыргызстандын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө бул маанилүү эл аралык иш-чарага катышуусунун негизги аспектилери, анын ичинде улуттук күркөнүн концепциясын жана дизайнын түзүү, ошондой эле маданий жана ишкердик иш-чараларды уюштуруу талкууланды. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Акчабар” финансылык-аналитикалык порталынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. МинКаб башчысы белгилегендей, он жылдын ичинде “Акчабар” идеядан күчтүү жана маанилүү куралга айланды. “Бул портал өзүнүн кызыктуу аталышы менен мага өлкөдөгү “кедей өлкө” деген түшүнүктүн астында жашаган бир мезгилди эске салат. Анан урматтуу Садыр Нургожоевич өлкө бул кемсинтүүлөрдөн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдер кабыл алынды, ошондой эле “Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, медициналык буюмдарды маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтом жактырылды. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин токтому менен Жогорку окуу жайынан […]Читать далее
Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, отурумда 2025-2029-жылдарга карата КР фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарынын долбоору каралып, талкууланды. Анда мамлекеттик бюджетте, ички дүң продукцияда акыркы жылдары көрсөткөн өсүү темпти кармап туруу жана жогорулатуу, ошондой эле келечекте өлкөдөгү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2024-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү […]Читать далее