Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн “Достук” ордени менен сыйланды. “Достук” орденин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Кыргызстан менен Россиянын лидерлери өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облсунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумуна катышты. Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы заманбап шарттарда дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшү жана глобалдык атаандаштыктын күчөшү бардык өлкөлөр үчүн чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да түзүп жатканын белгиледи. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чет элдик Fitch Ratings Inc. компаниясынан Елена Гриндстафф жана Oppenheimer & Co. Inc. компаниясынан Константин Деркачев баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Акылбек Жапаров Fitch, Moody’s жана Standard & Poor’s сыяктуу эл аралык рейтингдеги агенттиктердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул агенттиктер экономикалык туруктуулукту гана баалабастан, мамлекеттердин финансылык имиджин жакшыртууга да активдүү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту. Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары энергетика тармакта жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Минкаб төрагасы республиканын учурдагы макроэкономикалык абалына кеңири токтолуп, салыктык башкарууну жакшыртуу сыяктуу бир катар координацияланган иштердин натыйжасында акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасынын […]Читать далее
Министрлер кабинети мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти
Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү мекемелеринде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кол койду. Документ “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына жана Кыргыз Республикасын […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У менен
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У менен жолукту. Жолугушууда минкаб төрагасы Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн белгилеп, 2023-жылы 1,1 млрд доллардан ашкандыгын айтты. Ал кызматташууну, өзгөчө экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө мындан ары да өнүктүрүүнү кааларын билдирди. Акылбек Жапаров Түштүк Корея өзүнүн алдыңкы технологиялары жана инновациялары менен маалымат […]Читать далее
Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризои менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тараптын чакыруусу боюнча Тажикстан Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды. Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризои менен жолугушту. Минкаб башчысынын орун басары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Анда МинКаб Төрагасы Жээк айыл аймагындагы Биринчи Май айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан декадалык (сезондук) жөнгө салуу бассейн менен таанышты. Учурда иштин 65%зы бүткөрүлдү. Андан […]Читать далее
Акылбек Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчылары менен кеңешчилерин бошотту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык, коомдук башталышта өз милдеттерин аткарган бардык жардамчылар жана кеңешчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Министрлер кабинетинен бил диришкендей, мындай чечим президенттик администрацияны реформалоонун жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынды.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде, Президенттик Администрацияда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө маанилүү датанын урматына өткөрүлө турган мааракелик иш-чараларды, илимий конференцияларды жана тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы каралды. “Улуттук илимдер академиясы өзүнүн 70 […]Читать далее