Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (ЕЭК Кеңеши) кезектеги жыйынына видеоконференция байланышы аркылуу катышты. Кеңештин отурумунда ЕЭК күн тартибинде 28 маселени карап, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Алсак, Кеңештин чечими менен товарларды Бирликтин бажы аймагына ташып келүүдө пайызсыз кийинкиге калтыруу жана (же) бөлүп төлөө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынан Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Адылбек Касымалиев Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын видеоконференция байланышы аркылуу биринчи отурумуна катышты. Жыйында Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын башкаруучулар кеңешинин жана директорлор кеңешинин курамына тиешелүү маселелер каралып, жетекчилердин иш регламенти бекитилди. Эске сала кетсек, Евразиялык кайра камсыздандыруу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тарабынан сунушталган “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу: негизги факторлорду түшүнүү жана чечүү, кызыкдар тараптардын чогулушу” долбоорунун презентациясына катышты. Өз сөзүндө, министрлер кабинетинин башчысы «Өлкө президенти климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык көйгөйлөрдү бир нече […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европа Биримдигинин институттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Шинас менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелердин дэңгээлин жогорулатууну, ошондой эле быйылкы жылы өткөрүлгөн эки тараптуу жана аймактар аралык иш-чаралардын жыйынтыктарынын маанилүүлүгүн белгилешти. Эдил Байсалов маектешине өлкөдө жүргүзүлүп […]Читать далее
10-декабрда, адам укуктарынын эл аралык күнүндө, Франция Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов адам укуктарынын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу конференцияга катышты. Иш чара Париждеги Шайо сарайынын тарыхый залында өттү. Анткени мындан туура 75 жыл мурда, так ушул жерде Бириккен Улуттар Уюмунун III Ассамблеясы расмий түрдө Адам укуктарынын […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн үй ээлерине ачкычтарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Анда Акылбек Жапаров элеттиктерди заманбап мектептин имаратынын ачылышы менен куттуктап, Керме-Тоолуктар бул жаңы имаратты курууну көп жылдан бери күтүп жүрүшкөнүн, чечим кабыл алынган соң тез арада курулуп, пайдаланууга берилгенин айтты. “Ушул мектептин […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Кулжа районунун активи менен жолугуп, өлкөдө жүрүп жаткан реформалар туурасында маалымат берди. Министрлер Кабинетинин башчысы, Президент Садыр Жапаровдун башчылыгы алдында жасалып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, коррупция менен айыгышкан күрөш, салык жана бажы саясатынын туура жүргүзүлүшү өлкө экономикасынын өрүш алышын шарттаганын, анын […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Бий-Мырза айылында жайгашкан “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Анда архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат берди. Ал билдиргендей, учурда иштеп жаткан […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Өзгөн районунун 15 Жаш айылындагы Ж.Пиримкулов атындагы 150 орундуу орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы жергиликтүү элди жаңы мектептин ачылышы менен жылуу куттуктап, балдардын билим алуусу үчүн эми толук шарттар түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, 150 түтүн жашаган бул кичинекей айылга, борбор калаадагыдай бардык […]Читать далее