Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 18 маселени карашты. Тактап айтканда, Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилди. Залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды. 2023-2027-жылдарга “Көөнө […]Читать далее
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) аналитикалык макроэкономикалык баяндамасын жарыялап, анда Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө оң баасын берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди. “Өлкө экономикасы туруктуу болуп, инфляциянын деңгээли төмөндөдү. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 72,6 миллиард […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйын өткөрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, быйылкы жылы Кыргыз Республикасында кызамык оорусуна шектелип 6228 учур катталып, анын 5894 учуру кызамык катары кабыл алынган. Республика боюнча 2023-жылдын 10 айында кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн вакцинанын биринчи […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кыргызстандын энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, атайын техникаларды
Кыргыз Республикасынын Энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты. Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады. Акылбек Жапаров өз сөзүндө энергетика тармагында реформалар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Энергохолдинг жоюлуп, өлкөнүн отун-энергетикалык комплекси […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментине 47 автоунааны тапшыруу аземине катышты. МинКаб Төрагасы белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 млрд сом […]Читать далее
Базальт буласын жана композиттик материалдарды чыгарууга багытталган мамлекеттик ири программа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасын ишке ашырууга байланышкан жыйын болуп өттү. Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал багыттар бир катар учурдагы өнүктүрүү документтери менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Улуттук кеңештин отчету угулуп, алдыдагы пландары каралды. Учурда 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Улуттук стратегиянын негизги багыттары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, депутат Томас Здеховский баштаган Европарламенттин депутаттары менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Лейла Лурова менен Гүлшаркан Култаева, Кыргыз Республикасынын Евробиримдиктеги Туруктуу өкүлү Айдид Эркин жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынга чогулгандар мамлекеттик мекемелер менен ишкерлердин ортосундагы өз ара иш алып баруу механизмдерин талкуулашты. Отурумга мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик банктардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Алгач “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров россиялык «Unigreen Energy» компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда тараптар, Ысык-Көл облусунда 300 МВт кубаттуулуктагы күн электростанциясын куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Ишкананын өкүлдөрү Министрлер Кабинетинин башчысына аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, учурда документтер ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылып, электр станциясынын […]Читать далее