Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 8-10-февралында Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат. Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ЖЭБде болгон штаттык эмес кырдаалга байланыштуу аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамалары угулду. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Араван районунун Керме Тоо айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Минкаб башчысы Араван районундагы 56 мектептин ичинен буга чейин 6сы авариялык абалда болсо, экөө былтыр жаңыланып, үчүнчүсү бүгүн жаркырата жасалып бүтүп жатканын белгиледи. “Мамлекет тынч болсо, бекем ынтымакта болсок, көп өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр […]Читать далее
Кыргызстанда акыркы 2,5 жылдын ичинде 200гө жакын мектеп ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Суу районунун Зарбалик айылындагы мектептин ачылышында билдирди. Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кара-Суу районунда 13 авариялык мектеп бар болгондугун айтты. “Анын бирин бүгүн ачып жатабыз, дагы 3 мектептин курулушу бүттү, жакында ачылат”, – деп, мектептин ар бир ачылышы кубанычтуу окуя экендигин […]Читать далее
Кара-Суу районунун Зарбалик айылында 375 орунга эсептелген мектептин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында катышты. Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, балдарга сапаттуу билим берүү үчүн шарттарды түзүү […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Минкаб башчысы бул долбоор «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун негизинде мамлекеттик-жеке […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Юстиция министрлиги караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагынын жана кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальондун имараттарын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат. Министрлер кабинетинин башчысы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Rotschild and Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар финансылык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жана […]Читать далее
Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын 80%ы санариптик документтер менен камсыздалган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аппараттык жыйынынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Ал санариптештирүү алкагындагы ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарына токтолду. Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, быйыл өлкөнүн тарыхында биринчи жолу «санариптик ” секирик үчүн укуктук негиз болчу «Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси» […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын. Энергетика министрлигинин маалымат боюнча, Бишкекке Россия […]Читать далее