Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор (2024-жылдын 1-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин) өткөрүлөт. Тиешелүү токтом министерлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Токтом чет өлкөдө консулдук кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жок жерлерде жүргөн жарандардын кызмат […]Читать далее
Кыргызстандын жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында, Кыргызстандын аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет жана анын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү токтомго саламаттык сактоо системасындагы илимий ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, илимдин алдыңкы жетишкендиктерин пайдалануу менен фтизиатрия тармагында адистештирилген саламаттыкты сактоону камсыз кылуучу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу жана дарылоо-профилактикалык, агартуучулук иш-чараларды жүргүзүүчү жогорку деңгээлдеги […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөнүн Профсоюздар федерациясынын Борбордук Комитетинин жаңы жетекчиси жана федерациянын курамы менен жолукту. “Профсоюздар өздөрүнүн негизги максатына кайтып келип, Кыргыз Республикасындагы эмгекчилердин негизги укук коргоо органы болууга тийиш. Бүгүнкү күндө экономиканын тездик менен өсүшү жана мыйзамдуулукту орнотуу мезгилинде, биздин алдыбызда жүз миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүү милдети […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жайыт жана асыл тукум мал чарба депарметинин “Элита” мамлекеттик мекемесинин иши менен таанышты. Ведомстводон билдиришкендей, аталган мамлекеттик мекеме малдарды асылдандыруу менен алектенет. Ошондой эле министр Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунда аткарылып жаткан иштер жана 2024-жылга коюлган негизги пландары […]Читать далее
Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданынын ордуна “Москва-Сити” сыяктуу борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ипподром үчүн жаңы жер тандалат. Азыр шаардын башкы архитектору жетектеген топ бул долбоорлордун үстүндө иштеп жатат. “Биз шаардыктардын да, борбордун конокторунун да суктануусун жаратуу үчүн гармониялуу архитектуралык кооз жайларды курууну башташыбыз керек. Курулуш компаниялары өз […]Читать далее
Бишкеткеги транспорт көйгөйүн чечүү үчүн №1 бортту сатып алууга каралган каражатка миң автобус сатып алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында билдирди. “Өкмөттүн учагы жок, ал эми быйыл Ту-154М учагынын пайдалануу мөөнөтү бүтүп жатат. Чет өлкөлөргө иш сапарларга чыгуу үчүн биз 100 млн доллар тапканбыз, бирок борбор калаадагы транспорт көйгөйүн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин муниципалдык кызматтарын күнү-түнү иштөөгө чакырды. Бул тууралуу ал мэриянын жыйынында сүйлөп жатып билдирди. “Шаарда көйгөйлөр күнү-түнү болот. Күнү-түнү иштөө үчүн экономиканы чыңдоо керек. Инвесторлор, мисалы, Чоң-Алайга, Ак-Талаага эмес, Бишкекке келишет. Аларга эң жакшы шарттарды түзүп беришиңер керек”, – деди ал. Министрлер кабинетинин төрагасы бул үчүн даяр техникалык-экономикалык негиздемелер, бизнес-долбоорлор, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев КР өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйынын өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө айрым чек арадагы калктуу конуштарга өзгөчө статус берүү боюнча мамлекеттик органдардын сунуштары талкууланды. Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун […]Читать далее