Андан ары Минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын бондалык кампасына барды. Белгилей кетсек 2023-жылдын 9-декабрында “Кашкар” ЭЭА менен “Нарын” ЭЭА түзгөн келишимге ылайык, “Кашкар” ЭЭАдагы бондалык кампа “Нарын” ЭЭАга пайдаланууга берилген. Ошондой эле Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын бондалык кампасына барды. Бул кампада электрондук соода жүгүртүүнүн негизинде […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кытайдын Артыш шаарындагы маданий борборго барды 02/03/24 12:27 ӨКМӨТ0 Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборго барды. Маданий борбордо минкаб башчысына Кызыл-Сууда отурукташкан элдердин анын ичинде кыргыздардын тарых таржымалын айтып беришти. Ошондой эле Минкаб башчысы тарыхый экспонаттар, […]Читать далее
КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу районуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кашгар шаарында бир катар компаниялардын өкүлдөрү жана СУАРга негизделген банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. «Саясий диалогдун жогорку деңгээли-Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун арасында экономикалык маселелерди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытай компаниялары эл аралык жана инфраструктуралык, анын ичинде курулуш, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен биргеликте “Улуу чат” бажы терминалына жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты. “Улуу чат” бажы терминалынын базасында Кыргызстан аркылуу кирген товарларды сактоочу атайын көзөмөл кампасын куруу мерчемделип […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Google корпорациясынын делегациясы менен жолукту. Жолугушууда билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүү талкууланды. Тараптар Google программаларын Кыргызстандын мектептин билим берүү системасына интеграциялоону камтыган пилоттук долбоорду ишке киргизүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул долбоор республика боюнча билим берүү процессин санариптештирүү жана мугалимдер менен […]Читать далее
Кашгар шаарында (КЭР СУАР) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда Акылбек Жапаров Синьцзян Кыргызстан үчүн Кытай Эл Республикасы менен соода алакасындагы дарбаза болуп калса, өз кезегинде тарыхый жайгашкан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Вице-президенти Марк Боуман менен жолукту. Жолугушууда тараптар гидроэнергетика, айыл чарба, туризм, суу ресурстары, транспорт, жеңил өнөр жай сыяктуу бир катар тармактарда кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты. Тараптар энергетика тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. МинКаб Төрагасы белгилегендей, “энергетикалык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Асман менен Ысык-Көлдүн ортосунда: Кыргызстанга 100 көз караш” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн жана Кыргызстандын жаратылышынын уникалдуу сүрөттөрү камтылган китептин ачылыш аземине катышты. Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде коюлган. “Долбоордун авторлору Ысык-Көлгө чыгармачылык менен изилдөө иштерин жүргүзүп, мыкты фотосүрөттөрдү жаратышкан. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды. МинКаб Төрагасы Элчиге 2023-жылдын ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. “Кыргыз-британ мамилелеринин 30 жылдан ашык тарыхында биринчи жолу ушундай деңгээлде […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди. Минкаб төрагасы жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин […]Читать далее