Бизге санариптик, эң негизгиси акылдуу жана эффективдүү чечимдерге негизделген мамлекеттик башкаруунун жаңы модели керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Кыргыз Республикасы: глобалдык технологияларды бириктирүү!» KIT-2024 форумунун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы иш-чаранын катышуучуларын жана чет элдик конокторду куттуктап, санариптик тенденциялар боюнча «позицияларды салыштыруу» үчүн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. “Мамлекетти өнүктүрүүдө салык кызматынын ролу эбегейсиз. Салык кызматы – бул салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин олуттуу бөлүгүн камсыз кылган кубаттуу мамлекеттик орган, мамлекеттик казынанын негизин түзгөн булак. Бүгүн салык кызматынын жаңы имаратын курууга капсула салдык. Бул мамлекетибиздин салык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров акыркы 3 жылда саламаттыкты сактоо тармагына мамлекет тарабынан артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Саламаттык сактоо тутумунун консолидацияланган бюджети 2010-жылы 5 миллиард сом, 2023-жылы 37,2 миллиард сом болсо, 2024-жылга 40 миллиард сомго жакын каражат […]Читать далее
Бүгүн, 6-июнда Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) Кыргыз Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү. Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие […]Читать далее
Кыргызстандын делегациясы Германиянын Бонн шаарында өтүп жаткан БУУнун (SB60) Климаттык конференциясынын алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүүсү боюнча глобалдык эксперттик диалогго катышты. Делегацияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеп барган. Бул Диалог биринчи жолу 2023-жылы Дубайда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 27-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Кыргызстан-Россия» бизнес-диалогуна катышты. Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүндө, жыл сайын өтүүчү Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Россия-Кыргызстан” бизнес-диалогун өткөрүү салтын канааттануу менен белгиледи. МинКаб башчысынын биринчи орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн оң динамикасы […]Читать далее
Несвиж шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Атап айтканда, кол коюлган документтер: – Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 2 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө; – Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 3 буйругун ишке ашыруу жөнүндө; – Евразия экономикалык комиссиясынын 2023-жылга трансчек аралык […]Читать далее
ЕАЭБ алкагында кабыл алынган чечимдер бирикменин ар бир мамлекетинин өз ара пайдалуулугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш. Бул тууралуу Несвиж шаарында (Беларусь Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. МинКаб башчысы жыйындын катышуучуларын бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө багытталган Келишимге кол коюлгандыгынын 10 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык Аралды сактоо фондунун (ЭАСФ) Аткаруу комитетинин төрагасы Асхат Оразбай менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын ЭАСФ алкагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, Фондду мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир жана көз караштар менен алмашышты, […]Читать далее
Женевада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясынын Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) башкы директору Эми Поп менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграция жаатындагы эл аралык күн тартибиндеги Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелер боюнча кеңири пикир алышты. Атап айтканда, жаңжалдан кийинки кырдаалдарга жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык чакырыктар, алардын өлкөлөрдүн […]Читать далее