Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Cherity – Катар Чэрити) Бишкектеги филиалынын башкы директору Абделкадир Алимам Албашеир Мухамедди кабыл алды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык, социалдык, медицина, курулуш жана таза суу долбоорлору боюнча кызматташууну улантуу жана активдештирүү маселелери талкууланды. МинКаб Төрагасы кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргызстандын социалдык-экономикалык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Минкаб төрагасы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен биргеликте артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканын белгиледи. Маселен, Ош облусунун 32 калктуу конушун таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы каржылоонун суммасы 60 млн АКШ долларын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасына караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борборуна барды. Минкаб төрагасына борбордогу заманбап жабдуулар менен тааныштырылып, эл аралык стандарттарга жооп берген документтерди даярдоодогу ишмердүүлүктүн сапаты жана коопсуздугу тууралуу айтып беришти. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы “Учкун” ачык акционердик коомуна барды. Анда окуу куралдары даярдалган цехтерди […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барды. Анда минкаб төрагасы модернизацияланган блоктордун жана көмүр кампасынын абалы менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин учурдагы ишмердүүлүгү жана башка актуалдуу маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Алдыдагы күз-кыш мезгилдеринде борбор калааны үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, жабдууларды модернизациялоо, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын ишмердүүлүгү, энергетикалык объектилердеги ремонт иштери, ошондой эле бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыздоо […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кытайлык “Sany” компаниясынын тең негиздөөчүсү, “Sany Heavy Industry” башкармалыгынын төрагасы Сян Вэньбону кабыл алды. Компания курулуш жана башка атайын оор техникаларды чыгарган алдыңкы компаниялардын катарына кирет. МинКаб Төрагасы “Sany” маркасындагы техникалар жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын көптөгөн ири мамлекеттик долбоорлоруна тартылганын белгиледи. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан […]Читать далее
Быйыл биз Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө багытталган жаңы амбициялуу пландарды ишке ашыра баштадык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди. Анын айтымында, 2026-жылга чейин пландаштырылган программалык иш-чаралардын көбү мөөнөтүнөн мурда аткарылды, бул мындан аркы динамикалык өнүгүү үчүн потенциалдын бар экендигинен кабар берет. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты. Минкаб төрагасы белгилегендей, акыркы үч жылда программалык иш-чараларды ишке ашыруунун аркасында салыктык башкаруу тармагында олуттуу жылыштар байкалууда, бул салыктык кирешелерди жыйноонун өсүү темпин орточо 135 % га көтөрдү. Минкаб төрагасы кошумчалагандай, Салык кызматынын алгылыктуу жыйынтыктарына карабастан, фискалдык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатына барды. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат. Эдил Байсалов мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо шарты жана мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Президент тарабынан 1 млн сом бөлүнүп, билим берүү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана медицина тармагындагы бейтапкана долбоорун ишке ашыруу сыяктуу бир катар эки тараптуу маселелерди сүйлөштү. Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылы Катардын эмири шейх […]Читать далее