17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев Будапешт шаарына барып, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө […]Читать далее
Президенттин Администрациясында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган жыйын өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган жыйын өткөрүлдү. Отурумга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлеттик администрациялардын башчылары-акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары онлайн-форматында катышты. Жыйында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү аркылуу жалпы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД) башкармалыгынын төрагасы Хелен Кларк менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө КТАДдын жогорку деңгээлдеги миссиясы жана анын Кыргызстан үчүн негизги максаты, Хелен Кларктын сапарынын мааниси жана анын алкагында өз ара аракеттенүү боюнча далилдүү сунуштар, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргызстандын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө айрым продукцияларды өлкөгө импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого чектөөлөрдү узартуу, айыл чарба жаныбарларын экспорттоого квота берүү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл […]Читать далее
Россиянын Москва шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер: – “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда каржылык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечим; – “Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн […]Читать далее
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр экономиканы жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалма интеллектти активдүү ишке киргизүүнү биргелешип баштоосу керек, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. Министрлер кабинетинин төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстанда да экономикалык өнүгүүнүн жакшы темптери сакталып жатканын, бул экономикалык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында КМШга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Н.Е. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде болушту. Алар “Спектр” комплекси, студенттердин жашоо шарттары, коворкинг залы, “Новоселье” маалымат борбору, студенттер үчүн фуд-корт менен таанышты. Андан ары делегация башчылары “Квант парк” комплексинде болушту, анда аларга алдыңкы илимий […]Читать далее
Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер: – Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу; – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды […]Читать далее
Акылбек Жапаров: КМШда кызматташтыктын негизги көрсөткүчү өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде кызматташуунун натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү биздин өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын Москва шаарында өткөрүлгөн КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Минкаб төрагасы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүп жатканын, ошондой эле КМШ мейкиндигинде […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Чопо таш” компаниясынын кум жана шагыл өндүрүүчү заводунун ачылыш аземине катышты. Заводдун курулушу үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер бөлүнүп берилген. Заводдогу кум жана шагыл өндүрүүнүн жалпы кубаттуулугу 600 тоннаны […]Читать далее