Катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды
Катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Документке ылайык, мурда пайдаланылган катализаторлорду, курамында палладий, родий жана платина бар калдыктарды жана сыныктарды, ошондой эле катализаторлору болгон үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу каралган.
Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы жогорудагы товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрүү керектиги белгиленди.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.