Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокен жана Аксы райондорундагы ирригация тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Учурда Ноокен районундагы “Шайдан ветка” каналын, Аксы районундагы ХХII-Партсъезд каналын, Кербен шаарындагы Барпы каналын реаблитациялоо иштери жүрүүдө. “Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев: Германия ишкерлери үчүн Министрлер Кабинети ыңгайлуу шарттарды түзүүгө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германия Федеративдик Республикасынын делегациясы жана герман бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп жатып, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тараптуу өнүгүүсүнө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди. “Кыргызстан герман бизнесине активдүү катышууга даяр. Баарыбызга белгилүү, Германия бардык тармактарда тынымсыз прогрессти көрсөтүп жатат жана дүйнөдөгү экономикасы жогору мамлекеттердин катарына кирет. Ошол себептүү Германиядан […]Читать далее
Кыргыз Республикасы суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар бир тамчы маанилүү” принцибинде иш алып барат. Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Айыл Банк” ААКда жана “РСК Банк” ААКда көчмө жыйын өткөрдү. Мамлекеттик банктардын жетекчилери жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышкан жыйында “Айыл чарба тармагын каржылоо” жана “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген насыянын берилиши талкууланды. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик банктар мамлекеттик саясатты чагылдыруучу орган […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын кеңешинин кеңейтилген жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө профсоюздардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ар кандай профсоюздук долбоорлорду ишке ашыруу, өткөн жылы түзүлгөн үч тараптуу макулдашууну ишке ашыруу, Эмгек кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгуу, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана административдик чараларды күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Эдил Байсалов профсоюздардын өзгөчө […]Читать далее
Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригация сыяктуу өз ара […]Читать далее
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты. […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан улуттук курама команданы куттуктап, колдоо сөздөрү менен телефон чалды. 10-апрель түнү Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен болгон баарлашууда Акылбек Жапаров грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль алып Азия чемпиону болгон Акжол Махмудовго, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды. Министрлер Кабинетинин башчысын «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдраимов коштоп жүрдү. Буга чейин Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга (15 жылдык мөөнөткө) берүү чечими […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде 10 маселе каралды. Жыйын жакында эле 60 жашка толгон Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди куттуктоо сөзү менен башталды. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин жетекчисин туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, ишинде […]Читать далее