Былтыр республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди
2023-жылы республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети маалымдады.
2023-жылы экономиканын финансы секторунда 663 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 621 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.
2023-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 18%га көбөйүп, 125 миллиард сомго жакындады, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.
Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын ишмердигинин көрсөткүчтөрү
(млн. сом)
Кирешелер | Жалпы
чыгымдар |
Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык |
||||
2022 | 2023 | 2022 | 2023 | 2022 | 2023 | |
Бардыгы | 105 983,7 | 124 744,4 | 67 093,7 | 81 021,1 | 38 846,6 | 43 727,5 |
Банктар | 92 597,6 | 107 372,8 | 57 844,3 | 68 640,1 | 34 715,2 | 38 741,5 |
Күрөөканалар | 1 127,9 | 1 645,3 | 670,3 | 1 156,1 | 452,2 | 482,7 |
Кредиттик союздар | 237,5 | 216,9 | 164,5 | 162,6 | 73,0 | 54,2 |
Микрокредиттик уюмдар | 9 106,6 | 11 668,4 | 5 898,5 | 7 654,6 | 3 208,2 | 4 015,8 |
Камсыздандыруу уюмдар | 2 857,5 | 3 784,6 | 2 479,2 | 3 365,8 | 378,3 | 418,8 |
Инвестициялык фонддор | 6,0 | 7,2 | 1,9 | 1,6 | 4,1 | 5,6 |
Башка уюмдар | 50,6 | 49,2 | 35,0 | 40,3 | 15,6 | 8,9 |
2023-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 66,5%ын түздү, ал эми уюмдардын 13%ы чыгаша тартты.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторунда 43,7 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, бул 2022-жылга караганда дээрлик 5 млрд. сомго көп. Пайданын өсүүсү банктар тарабынан камсыздалды, алардын үлүшүнө финансы секторунун уюмдарынын суммардык пайдасынын өсүшүнүн 83%га жакыны туура келген.
Жалпысынан экономиканын финансы сектору боюнча активдердин кирешелүүлүгү 4,3% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (12,3%ы) күрөөканалардын жана микрокредиттик уюмдардын (10%ы) арасында байкалды.
2023-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кредиттик портфелинин суммардык көлөмү дээрлик 302 млрд. сомго жетти. Банк секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85,5%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын секторуна 14,5%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%ы), керектөө муктаждыктары (25%га жакыны), айыл чарбасы (17%ы) жана ипотека (10%га жакыны) болуп саналды.