Былтыр республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди

 Былтыр республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди

2023-жылы республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети маалымдады.

2023-жылы экономиканын финансы секторунда 663 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 621 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.

2023-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 18%га көбөйүп, 125 миллиард сомго жакындады, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.

Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын ишмердигинин көрсөткүчтөрү

 (млн. сом)

  Кирешелер Жалпы

чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык
2022 2023 2022 2023 2022 2023
Бардыгы 105 983,7 124 744,4 67 093,7 81 021,1 38 846,6 43 727,5
Банктар 92 597,6 107 372,8 57 844,3 68 640,1 34 715,2 38 741,5
Күрөөканалар 1 127,9 1 645,3 670,3 1 156,1 452,2 482,7
Кредиттик союздар 237,5 216,9 164,5 162,6 73,0 54,2
Микрокредиттик уюмдар 9 106,6 11 668,4 5 898,5 7 654,6 3 208,2 4 015,8
Камсыздандыруу уюмдар 2 857,5 3 784,6 2 479,2 3 365,8 378,3 418,8
Инвестициялык фонддор 6,0 7,2 1,9 1,6 4,1 5,6
Башка уюмдар 50,6 49,2 35,0 40,3 15,6 8,9

2023-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 66,5%ын түздү, ал эми уюмдардын 13%ы чыгаша тартты.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторунда 43,7 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, бул 2022-жылга караганда дээрлик 5 млрд. сомго көп. Пайданын өсүүсү банктар тарабынан камсыздалды, алардын үлүшүнө финансы секторунун уюмдарынын суммардык пайдасынын өсүшүнүн 83%га жакыны туура келген.

Жалпысынан экономиканын финансы сектору боюнча активдердин кирешелүүлүгү 4,3% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (12,3%ы) күрөөканалардын жана микрокредиттик уюмдардын (10%ы) арасында байкалды.

2023-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кредиттик портфелинин суммардык көлөмү дээрлик 302 млрд. сомго жетти. Банк секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85,5%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын секторуна 14,5%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%ы), керектөө муктаждыктары (25%га жакыны), айыл чарбасы (17%ы) жана ипотека (10%га жакыны) болуп саналды.

Связанный пост