Былтыр Ош облусунда 17 млрд 276 млн сомдук өнөр жай продукция өндүрүлгөн
Былтыр Ош облусунда 17 млрд 276 млн сомдук өнөр жай продукция өндүрүлгөн. Бул тууралуу «Ала-Арча» резиденциясында жылдык жыйынтыктарды жана келечекке пландарды талкуулоонун алкагында Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев билдирди.
Өнөр жай тармагы боюнча былтыркы жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан 17 млрд. 276,0 млн. сомдук продукциясы өндүрүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 2 млрд. 656,0 млн. сомго көп. Ал эми, физикалык көлөмүнүн индекси 117,1 пайызды түздү. (Жалпы республикадагы өндүрүштүн көлөмүндө Ош облусунун үлүшү 3,6% түздү, 2022-жылы 3,4% ).
Жалпы облус боюнча чыгарылган өнөр жай тармагынын көлөмүндө, эң чоң үлүш Араван району 30,0 пайыз, Ноокат району 29,0 пайыз жана Кара-Суу району 19,7 пайызды түздү.
Өнөр жай продукциясынын көлөмүн көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүп, натыйжада 2023-жылы өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылды.
Өнөр жай багытында Кара-Суу районунда 23 ишкана ачылып, алардын арасынан эң ири “Салих Строй” ишканасы тарабынан асфальт чыгаруучу завод, Төлөйкөн айыл аймагында “Снек Фудс” ишканасы тарабынан сэндвич чыгаруучу цех, Өзгөн районунда ачылган 14 ишкананын катарында Дөң-Булак айыл аймагында “Ош-Нур-Жол Строй” ишканасы тарабынан асфальт бетон чыгаруучу заводу ишке кирди.
Ал эми бардык райондордо жеке ишкерлер тарабынан жеңил өнөр жайы тармагында ишканалар ачылып, Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 100 орундуу, Нариман айыл аймагында 40 орундуу жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 50 орундуу тигүү цехтери ачылды.
Өткөн жылы облус боюнча жалпы 6182 жаңы жумуш орундары түзүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 1392 жумуш орду көп түзүлгөн.