Былтыр эмдөө албай калган 117 миңден ашык бала эмделди
Кыргызстанда былтыр эмдөө албай калган 117 миңден ашык бала эмделди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Ал белгилегендей, мында мурда эмдөөдөн калтырылган балдарды кайрадан эмдөө системасына тартууга мүмкүн болду.
Ошондой эле Гүлбара Ишенапысованын айтымында, жетишкен ийгиликтерге карабастан, кыйынчылыктар дагы сакталып калууда.
Статистика көрсөткөндөй, 5 817ден ашык бала бир да вакцина албаган, ал эми вакцинациядан баш тартуулардын саны 15 708ден ашкан.
“Бул көйгөйлөрдү чечүү калктын ишенимин бекемдөөгө, коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана иммунизация кызматтарына тең жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган кошумча аракеттерди талап кылат. Биз пландуу иммунизация системасын ырааттуу түрдө чыңдап, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатып жана вакциналарга болгон ишенимди калыптандыруу үчүн калк менен иштөөнү күчөтүп келебиз. Биздин максат – ар бир адам, жашына карабастан, ишенимдүү түрдө корголушу керек, ал эми бул коргоонун негизи баланын жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тартып эле түзүлөт. Өнөктөштөрдүн колдоосу менен биз вакциналардын сактоо жана ташуу процессинин бардык этаптарында алардын сапатынын талаптагыдай деңгээлде болушун камсыз кылуудабыз”, – деп белгиледи Ишенапысова.