Быйылкы жылдын 9 айында 437 этникалык кыргыздарга кайрылман статусу берилди
Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдын ченемдеринин, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу зарылчылыгынан улам келип чыккан жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыгып, демилгеленип жатат.
Андан соң, Н.Азыгалиев мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан түзөтүүлөргө токтолду. Алсак, 1-пунктта мыйзамдын 1-беренесинин колдонуудагы редакциясында камтылган “кайрылман”, “кайрылман статусу” жана “этникалык кыргыздар” түшүнүктөрүнүн жаңы, кыйла өркүндөтүлгөн аныктамалары сунушталууда.
“Сунушталып жаткан “кайрылман статусу” аныктамасында адамга укуктук статустан тышкары социалдык статус да берилет, ал белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылман күбөлүгү) менен ырасталат. Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга социалдык статус берүү жана тастыктоочу документинин болушу кийин мамлекет кепилдеген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардам алууга мүмкүндүк берет”, – деди Н.Азыгалиев.
Ал эми мыйзам долбоорунун 3-пунктунда мыйзамдын 7-беренесинин биринчи бөлүгүн этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүү укуктарын ишке ашырууга багытталган жоболор менен толуктоо сунушталат.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 2023-жылдын 9 айында 437 этникалык кыргыздарга кайрылман статусу берилгенин маалымдады, анын ичинен мамлекеттер боюнча: Өзбекстан – 15, Тажикстан – 414, Россия Федерациясы – 4, Түркмөнстан – 1, Кытай – 1, Украина – 1, Афганистан – 1.