Быйыл Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен 82,4 млн сом бекитилди

 Быйыл Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен 82,4 млн сом бекитилди

2022-жылы Ысык-Көл облусуна 1 215,4 млн сом каралган. 2023-жылы 82,4 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Ысык-Көл облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер  катары 1 215,4  млн. сом акча каражаты каржыланган, алар:

  1. Теңдөөчү трансферт-82,4 млн. сом;
  2. Ыйгарым укуктарды берүүгө- 24,4 млн. сом;
  3. Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 104,1 млн. сом;
  4. Маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 40,7 млн. сом;
  5. Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 25,0 млн. сом;
  6. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга -40,8 млн. сом;

7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына- 10,6 млн. сомду түздү.

  1. “Мыкты айыл өкмөтү” наамына- 1,5 млн. сом;
  2. Генералдык планга -0,9 млн.сом.
  3. “Өсүү чекити” долбоору (Кара-Кол шаарын өнүктүрүү үчүн бир жолку төлөм) – 885,0 млн.сом.

Ысык-Көл облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 43 долбоор ишке ашырылып, 77,6 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:

  1. Мектептерге 13 долбоор- 21,9 млн сом;
  2. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 долбоор- 4,8 млн. сом;
  3. Инженердик-коммуникациялык инфраструктура обьектилерине 2 долбоор- 5,3 млн. сом;
  4. Спорттук курулуштарга 4 долбоор-  8,7 млн сом;
  5. Маданий маанидеги обьектилер 12 долбоор –20,9 млн. сом;
  6. Бала-бакчаларга 10 долбоор -16,0 млн. сомго акча каражаты каржыланды.

Капиталдык салымдар беренесине 2022-жылы 3 460,5 млн.сом толугу менен каржыланган.

2023-жылга республикалык бюджеттен Ысык-Көл облусуна 82,4 каралат.

Райондор боюнча төмөнкүчө:

  1. Аксуу району- 32,4 млн сом;
  2. Ысык-Көл району- 11,3 млн. сом;
  3. Тоң району- 22,6 млн. сом;
  4. Түп району- 16,1 млн. сом;

Связанный пост