Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны 10% өсүшү мүмкүн

 Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны 10% өсүшү мүмкүн

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда.

“Ушуга байланыштуу биз туристтик мезгилге кызуу даярданып жатабыз. Инфраструктураны жана тейлөө сапатын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып баруудабыз”, -деп белгиледи департаменттин директору.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикага келген туристтердин саны 10 миллиондон ашкан. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч кеминде дагы 10 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.

Связанный пост