“Ырыс Ордо” конгресс-борбору расмий ачылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарындагы “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
“Ырыс-Ордо” имаратына келгенде Мамлекет башчысын ардактуу кароол ротасы тосуп алды.
Комплекстин кире беришинде Президент жаңы этаптын башталышын жана жолдун шыдыр болушун тилек кылган байыркы тушоо кесүү салтын символдоштуруп, имараттын боосун чечти.
Андан соң Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучулары — парламенттин, Министрлер Кабинетинин жана сот тутумунун жетекчилери, министрлер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, мурдагы мамлекеттик жетекчилер жана өкмөт мүчөлөрү, дин, маданият жана спорт ишмерлери, ошондой эле башка ардактуу коноктор чогулган “Курултай” залына өттү.
Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бул күндүн тарыхый маанисин белгиледи. Ал “Ырыс-Ордо” өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн, өнүгүүгө болгон умтулуусун жана келечекке карай багытын чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символуна айланып жатканын белгиледи.
Президент элдин биримдиги мамлекеттин бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги пайдубалы экенин баса белгиледи.
“Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда “Мен саясатчымын”, “Мен чын өнүктүрөм”, “Мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз.
Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бир-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок.
Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек.
Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Ынтымагы бекем, руху бийик, жаркын келечегине ишенген ырыстуу өлкөнү бирге куралы!”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролу күчөп жатканына өзгөчө токтолуп, бул өлкөдө ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтчалардын болушун талап кыларын айтты. Ушундай шартта “Ырыс-Ордо” эл аралык дипломатия жана масштабдуу иш-чаралар өтүүчү жаңы аянтчага айланат.
“Ырыс-Ордо” конгресс борбору дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги эң орчундуу маселелер каралган Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун, Евразия Экономикалык Биримдигинин, Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун жана башка ири эл аралык уюмдардын, лидерлер саммиттеринин, глобалдык форумдардын аянтчасы болуп берет.
Мындай ири иш-чаралардын өтүшү менен Кыргызстандын эл аралык аброю жана геосаясий имиджи артат. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат”, — деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы “Ырыс-Ордо” конгресс борбору жана “Бишкек Арена” стадиону толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулганын өзгөчө белгиледи.
“Бүгүн өлкөбүздүн ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетип калды. Биз муну баалай билишибиз керек. Бул – Кыргызстан өз күчүнө жана өз ресурстарына таянып, өз алдынча өнүгүп жаткандыгынын түздөн-түз далили”, — деди Президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров кыргызстандыктарды дүйнөнүн көңүлүн бура турган алдыдагы ири иш-чараларды — Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын татыктуу өткөрүүгө чакырды.
“Ушундан улам, бир муштумга түйүлгөн биримдиктүү эл, ынтымактуу журт экенибизди дагы бир жолу тастыктап, алдыдагы эл аралык иш-чараларды чогуу-чаран, мыкты деңгээлде: так логистика менен, коопсуздук жана жогорку сапаттагы тейлөө менен, оюндарды кара кылды как жарган калыстык менен өткөрүп алалы. Кыргыз жергесине кадам таштаган ар бир мейманды татыктуу тосуп, бүткүл дүйнөгө кыргыз элинин меймандостугун, көөнө маданиятыбызды жана бай салт-санаабызды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жакшылап пайдаланалы”, – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, заманбап көп функционалдуу “Ырыс-Ордо” конгресс борбору 39 миң чарчы метрден ашык аянтка курулуп, бир учурда 2 миңден ашык конокту кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Конгресс борбордо 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 орундуу банкет залы, 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган заманбап залдар бар.
“Ырыс-Ордодо” Элдик Курултайдын жыйындары, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуулар, ири эл аралык форумдар, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.