Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдардын ортосундагы айырманы субсидиялоо ишин улантууда
Бензиндин чекене баасын туруктуу кармап туруу максатында Кыргызстанга мунай ташыган компанияларга мамлекет тарабынан 1 млрд сомго жакын субсидия төлөнүп берилди. Бул тууралуу, өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев бензин тармагына субсидиянын берилиши калкты жана экономика тармактарын колдоого багытталган мамлекеттин натыйжалуу чарасы экенин, күйүүчү-майлоочу майдын баасы элдин жашоо деңгээлине таасир этпөөсү керектиги жана социалдык-экономикалык тең салмактуулук сакталышы үчүн, ошондой эле бензинге байланыштуу маселелер ыкчам чечилиши керектигин айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Министрлер Кабинети күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы айырманы компенсациялоо үчүн ушул күнгө карата Кыргызстанга мунай ташыган компанияларга 956 миллион 139 миң сом бөлгөн. Мунай заттарынын түрүнө жараша айырма бир литрине болжол менен 20 сомдон 40 сомго чейин жетет. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасынын ортосундагы айырманы субсидиялоо иши улантылаарын билдирди.
Ошол себептүү отурумда өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо максатында мамлекеттик субсидия өз убагында берилип жаткандыктан, компаниялардын аймактардагы бардык май куюучу жайлары толук кандуу иштеп, эч кандай чектөөлөр болбошу керектиги айтылды.
Аны менен катар отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн компаниялар менен тыгыз иш алып баруу, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, импорттоонун жаңы механизимдерди кароо, мамлекеттик чек арада логистика маселесин чечүү, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо ишин өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү сыяктуу бир катар тапшырмалар коюлду.