Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт

 Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 17-апрелинен 21-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы автоунаа менен каттамды алдын ала пландап коюуңу суранат. Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Связанный пост