Бишкектин Ак-Бата кичирайонунда 660 орундуу мектеп курулат
Бишкектин Ак-Бата кичирайонунда 660 орундуу жалпы билим берүү мектеби курулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.
Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле быйыл аталган кичирайондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт.
“Өз кезегинде, билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.