Бишкектеги Аскердик институтта кароолдо турган жоокер каза болду

 Бишкектеги Аскердик институтта кароолдо турган жоокер каза болду

Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болжол менен 22:10до катталган.

“Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жаратынан жеринде каза болду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, кызматтык иликтөө дайындалды. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Связанный пост