Бишкекте “Мурас” футбол турнири аяктады

Бишкекте 14-15-декабрда өткөн футбол боюнча алтынчы “Мурас” салттуу достук турнири аяктады.

Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Президенттин командасы” аттуу команданын курамында катышты.

Оюндардын аягында Мамлекет башчысы спортто эң күчтүүсү жеңишке жетерин алтынчы “Мурас” мелдеши дагы бир жолу далилдегенин айтты.

“Биринчи турнир башталганда менин командам биринчи болгон. Андан кийин эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү орунга түшүп калдык. Бүгүн мына кайра биринчи орунду алып олтурабыз. Оюн деген ушундай. Спортто күчтүүлөр жеңет. Демек, биздин команда күчтүү даярданыптыр”, – деди Садыр Жапаров.

Ал команда үч жолу утуп алса, Кубок ошолордо калып, 1 миллион сом байгенин үстүнө дагы 1 миллион сыйлык бериле турганын эске салды.

Президент “Мурас” турнири келечекте да өткөрүлөрүн баса белгилеп, командаларды байгелүү орундар үчүн күрөшүүгө чакырды.

Мелдешке ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышты. Байге фонду 1 миллион сомду түздү.

Турнирдин жеңүүчүсү “Президенттин командасы” болду, ал 400 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунду 300 миң сом утуш менен “Достук” командасы ээлеп, үчүнчү орунду алган “Ыйман” командасына 200 миң сом берилди.

“Жогорку Кеңеш” командасы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Ошондой эле үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары аныкталды:

“Мыкты бомбардир” — 14 гол киргизген Президент Садыр Жапаров.
“Мыкты дарбазачы” — Султан Осмонбеков (“Ыйман” командасы).
“Турнирдин мыкты оюнчусу” – Азимжан Кадыров (“Достук” командасы).

Жеңүүчүлөр кубок жана медалдарды алышты. Сыйлык тапшыруу аземинин аягында эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Связанный пост