Бишкекте майыптуулугу бар адамдарга карата жасалган 5 кылмыш иши сотко өттү

 Бишкекте майыптуулугу бар адамдарга карата жасалган 5 кылмыш иши сотко өттү

2025-жылдын 12 айында Бишкек шаары боюнча майыптуулугу бар адамдарга карата жасалган кылмыштар боюнча жалпысынан 14 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирет.

Жогорудагы көрсөткүчтөрдү Бишкек шаарынын райондоруна бөлүп карасак, Ленин РИИБи – 6, Биринчи май РИИБи – 1, Свердлов РИИБи – 5, Бишкек ШИИББи – 2.

Козголгон 14 кылмыш иштин ичинен тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 5 кылмыш иш соттун кароосуна жиберилип, 2 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылып, 4 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган.

Ал эми, калган 3 кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Прокуратура органдары тарабынан майыптуулугу бар адамдарга карата жасалган кылмыш иштерге өзгөчө көңүл бөлүнүп, айрыкча майыптуулугу бар кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарды эсепке алуу, алардын бетин ачуу прокурорлордун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

Связанный пост