Рекорддук көрсөткүч: Таласта 1 гектар жерден 10 тонна буудай жыйналды
Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер, тактап айтканда, 10 тонна буудай жыйналды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, бул 2026-жылы буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Өлкө боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт.
“Жогорку түшүмгө заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөндөрдү тандоо жана агротехникалык иш-чараларды өз убагында жүргүзүү өбөлгө түзгөн. Айыл чарбасында заманбап технологияларды жана сапаттуу үрөндөрдү колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатып, дан эгиндеринин өндүрүшүн көбөйтүүгө шарт түзүүдө”,-деп айтылат маалыматта.