Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өттү

 Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өттү

Бишкекте бүгүн 2023-2024-жылдарга карата кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземи өттү.

Иш-чара “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтүп, ага Туризм департаментинин жетекчиси Нурмухамед Миңбаев катышты.

Иш-чара коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулду.

Ошондой эле, бул күнү муз тебүү үчүн “Бишкек Арена” тарабынан 50% арзандатуу күтүлөт.

Связанный пост