Кыргызстанда 11 айда салык жана камсыздандыруудан 225,7 млрд сом жыйналды

 Кыргызстанда 11 айда салык жана камсыздандыруудан 225,7 млрд сом жыйналды

Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 225 млрд 744,7 млн сом жыйналды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, бул белгиленген пландан 3,% слрд сомго ашык.

“Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 39,9 млрд сомго көп жыйналды”, – деди ал.

Анын айтымында, чогулган каражаттын 168 млрд 164 млн сому салык жана төлөмдөргө, ал эми 57 млрд 580,7 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрүнө тиешелүү.

“Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду. Ошондой эле ККМ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун арттырууда”, – деди Абдувапов.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, салык төлөөчүлөр арасында жүргзүллүп жаткан түшүндүрүү иштери дагы өз жемишин берүүдө.

Связанный пост