Бишкекте коомдук муниципалдык транспорттордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык фильмдер көрсөтүлөт

 Бишкекте коомдук муниципалдык транспорттордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык фильмдер көрсөтүлөт
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспортто кыргыз тилинде даярдалган анимациялык фильмдерди шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жана транспорт тармагынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын коомдук транспортторундагы мониторлорго кыргыз тилиндеги кыска анимациялык фильмдер коюла турган болду. Ошондой эле жыйында алгачкы кыргыз тилиндеги анимациялык фильмдер өлкөбүздүн жаш балдарына арналып чыгып жаткандыгы белгиленди.

Связанный пост