Бишкекте “Чектөөсүз спорт” парамарафону болуп өттү

 Бишкекте “Чектөөсүз спорт” парамарафону болуп өттү
Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында “Чектөөсүз спорт” аталышындагы парамарафон болуп өттү. Иш-чарага 500гө жакын спортчу катышып, чуркоо, таяк тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештер өттү.
Парамарафондун салтанаттуу ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт Департаментинин директору Канат Шабданбаев катышты.
Парамарафондун катышуучуларына медалдар жана белектер берилди.
Белгилей кетсек, «Чектөөсүз спорт» ден соолукту чыңдоо марафонунун негизги максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго аралаштыруу, аларды сергек жашоо мүнөзүнө үндөө болуп саналат.

Связанный пост