Бишкекте 5G`ны сыноо аймагы ачылды

 Бишкекте 5G`ны сыноо аймагы ачылды

Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачар аземи өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиргендей, ошондой эле уникалдуу көргөзмө павильонунун салтанаттуу ачылышы өттү, анда MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору жана дүйнөдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү акылдуу түзүлүштөрдү жана инфраструктураны алдыңкы өндүрүүчү жана жеткирүүчү – Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. компаниясы менен биргеликте 5G сыноо аймагын ишке киргизди.

Көргөзмөнүн катышуучулары санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер менен тааныша алышты, ошондой эле 5G стандартынын артыкчылыктарын баалашты – маалыматтарды жогорку ылдамдыктагы зымсыз берүүнү сынашып, виртуалдык реалдуулуктун өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышты.

Связанный пост