Бишкекте 502 мугалимге “Алтын казык” ноутбуктары тапшырылды

 Бишкекте 502 мугалимге “Алтын казык” ноутбуктары тапшырылды

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча 502 орун басарына “Алтын казык” ноутбуктары тапшырылды.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана 120 мамлекеттик мектептин директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты.

“Завучтар мектептердин ишмердүүлүгүндөгү кыймылдаткыч күч. Аларга бардык жоопкерчилик жүктөлгөн, мугалимдерди, окуучуларды көзөмөлдөшөт, ал эми бул ноутбуктар алардын ишин жеңилдетип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын кошот деп ишенем”, – деди министр.

Связанный пост