Бишкекте 22 көмүр от казаны отундун альтернативдүү түрүнө өткөрүлүп жатат

 Бишкекте 22 көмүр от казаны отундун альтернативдүү түрүнө өткөрүлүп жатат

Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында 22 көмүр от казаны отундун альтернативдүү түрүнө өткөрүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык  ишканасы тарабынан 6 откананы газ менен жылытууга өткөрүү боюнча курулуш-монтаждоо иштери аяктап, 12 отканада курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Газ куурлары жоктугуна байланыштуу 4 откана электр жылытууга өткөрүлөт.

2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча көгүлтүр отунга 4 501 абонент кошулган.

Бишкекте 47 турак жай конушу жайгашкан, алардын 27си газ менен жылытууга кошулган. Үйлөрдүн бир бөлүгү ар кандай себептер менен газдаштырууга кошулбайт (курулуп бүтө элек үйлөр, курула элек участоктор, үйдө техникалык шарттардын жоктугу, калктын социалдык жактан камсыз болбогондугу жана башкалар).

2023-жылдын газдаштыруу графигине ылайык, Бишкекте дагы 9 турак жайды газ менен жылытууга кошуу пландалууда:
– “Ала-Арча” конушу
– “Бакай-Ата” конушу
– “Ак-Тилек” конушу
– “Ак-Тилек-2” конушу
– “Турбаза” конушу
– “Кырман” конушу
– № 83 “Попеновка” кварталы
– № 6″ Товарная” кварталы
– №20″ Жогорку Жал” кварталы.

Бүгүнкү күндө “Ала-Арча”, “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек-2” жана “Турбаза”турак жай конуштары газга кошулат. Узундугу 7,3 км (12,5%) газ түтүктөрү орнотулган. Ошондой эле “Бакай-Ата”, “Кырман” конуштарында жана №83 “Попеновка”кварталы  , №6 “Товарная”, № 20 “Жогорку Жал”конуштарында газ менен камсыздоого даярдык көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы “Газпром Кыргызстан” ЖЧК менен биргеликте 2023-2025-жылдары калган турак жайларды газ менен жылытууга кошууну пландап жатат.

Связанный пост