Бишкек – Торугарт трассасында жол белгилери орнотулду

 Бишкек – Торугарт трассасында жол белгилери орнотулду

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугар унаа жолунда жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

 

Белгилер аталган унаа жолдун 137-чакырымынан 154-чакырымына чейинки тилкелеринде орнотулган.

 

Жол көзөмөлдөө бөлүмү унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы унаа жолдорунда аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү кызматтарга сунуш-кайрылууларын жөнөтүп келет.

Связанный пост