Бишкек мэриясында 8 кызматка жаңы жетекчилер дайындалды

 Бишкек мэриясында 8 кызматка жаңы жетекчилер дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында бир катар кадрдык дайындоолор болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү тескемесине ылайык:

  • Асел Майнаева — Муниципалдык менчик башкармалыгынын Турак жай фонду бөлүмүнүн башчысы;
  • Марлен Айбеков — Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
  • Уран Мусаев — Шаардык чарба департаментинин директору;
  • Лилия Кучкачова — Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору;
  • Азамат Осмоналиев — Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Бейшембаев — Контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы;
  • Олжас Маратов — аталган башкармалыктын Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
  • Руслан Кудайбергенов — Коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Абдес Анарбеков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгиленгендей, кадрдык чечимдер шаардык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Связанный пост