Бүгүнкү күнгө «МИК» ААКнын уставдык капиталы 13,3 млрд сомду түзөт

 Бүгүнкү күнгө «МИК» ААКнын уставдык капиталы 13,3 млрд сомду түзөт

2021-жылы “Менин үйүм 2021-2026” жаңы программасы кабыл алынган. «МИК» ААКсын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында мурда бөлүнгөн 4,6 млрд сом бюджеттик ссудалар компаниянын уставдык капиталына трансформацияланган.
2021-жылы – 5,3 млрд сом:

  • 2021-жылы ипотекалык насыялоого 500 млн сом каралган;
  • «МИК» ААКтан мурда алынган кредиттер боюнча карызды жабууга (уставдык капиталга айландырылган) 4,6 млрд сом түшкөн;
  • КРМК 2021-жылдын 7-декабрындагы № 118-р буйругуна ылайык 150 млн сом.

2022-жылы компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.
2023-жылы (январь-март) – 2,7 млрд сом, анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Мыйзамында (КР 2023-жылдын 20-январындагы № 17-р декларациясы) каралган 1 млрд сомдун 500 млн сому мамлекеттик карызды конвертациялоонун эсебинен Германиянын KfW өнүктүрүү банкына биринчи транш түшкөн;
  • уставдык капиталды көбөйтүүгө 500 млн сом;
  • КРМКнын 2023-жылдын 28-февралындагы. № 76-р буйругуна ылайык уставдык капиталды көбөйтүүгө 300 млн;
  • КРМК 03.03.2023-жылдагы № 84-р буйругуна ылайык уставдык капиталды көбөйтүүгө 416 млн сом;
  • КРМКнын 2023-жылдын 31-мартындагы №147-р буйругуна ылайык уставдык капиталды көбөйтүүгө 1 млрд сом.

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «МИК» ААКнын бөлүнгөн каражаттарынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен берилген ипотекалык кредиттер:

  • 2021 – 452 адам 1,2 млрд сом суммасында;
  • 2022 – 1650 адам  4,4 млрд сом суммасында

«Кыргызстанда турак жайды каржылоо программасы» долбоорунун алкагында Германия KfW өнүктүрүү банкы аркылуу «РСК» ААК, АКБ «Кыргызстан», KICB өнөктөш банктары аркылуу 1031 адамга 1,5 млрд сом өлчөмүндө кредит берилген.
Алар:

  • 2020-жылы – 367 млн сомго 342 адам;
  • 2021-жылы – 280 адам 374,9 млн сомго;
  • 2022 – 154 адам 235,9 млн сомго,
  • 2023-жылдын январь-март айларында -255 адам 488,1 млн сомго кредит алган.

2023-жылдын 31-мартына карата «МИК» ААКнын электрондук порталында 65 865 жаран катталган, анын ичинен 23 208 жарандын тизмеси «МИК» ААК тарабынан бекитилген, банкка жалпысынан 11 2971 адам кайрылган.

Связанный пост