Билим берүү мекемелеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө

Республиканын билим берүү мекемелеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан кийин жүргүзүлүүдө.

Связанный пост