Бийлик өкүлдөрү Араван районунун тургундары менен жолугушту

 Бийлик өкүлдөрү Араван районунун тургундары менен жолугушту

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев элдин көйгөйүнөн кабар алуу, укуктук маселелерди жеринде чечүү максатында Араван районунун тургундары менен жолугушту.
Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан жеке көйгөйлөрүн, социалдык маселелер, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар тууралуу айтышып, тийиштүү чара көрүп берүүнү сурашты. Башкы прокурор ар бир кайрылуу жоопсуз калбастыгын белгилеп, мыйзам чегинде чукул арада чаралар көрүлөөрүн убадалады.
Жолугушууга Араван районунун 300дөн ашуун тургуну катышууда.

Связанный пост