Белгилүү котормочу, лингвист Турсуняз Досалиев дүйнө салды

 Белгилүү котормочу, лингвист Турсуняз Досалиев дүйнө салды

2023-жылдын 16-майында 69 жашында катуу оорудан кийин белгилүү котормочу, лингвист, чыныгы педагог Турсуняз Акматжанович Досалиев дүйнө салды.

Досалиев Турсуняз Акматжанович кесипкөй котормочу, өтө эмгекчил, мыкты устат, өзүнүн күчтүү жарандык позициясы бар, көп кырдуу инсан, терең билимдүү жана жогорку моралдык сапаттары менен кеңири таанылган.

Турсуняз Досалиев 1954-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында туулган.

1975-1980 -жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, билим алган.

Ал өзүнүн эмгек жолун 1980-жылы КирТАГ маалыматтык агентигинде корректор катары баштап, кийинки жылдары ошол эле жерде редактор, котормочу жана улук редактор болуп иштеген.

1990-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин Иш Башкармасынын жалпы бөлүмүнө адис ишке алынган, андан кийин жалпы бөлүмдүн котормо секторунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын котормо секторунун референти болуп иштеген.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу жана котормо секторунун башчысы болуп дайындалган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмүнүн протокол жана котормо секторунун башчысы болуп дайындалган.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 213 буйругу менен Досалиев Турсуняз Акматжанович Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин башчысы болуп дайындалып, 2020-жылдын мартына чейин иштеген.

Досалиев Турсуняз Акматжанович жетекчилик кылган учурда архивдин материалдык-техникалык базасы кыйла жакшыртылып, иш бөлмөлөрүндө капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин  Аппаратынын жетекчилигинин колдоосу менен акыркы төрт жылда Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивиндеги документтерди санариптештирүү боюнча көп иштер аткарылып, санариптештирилген документтерди сактоо үчүн көп тармактуу сактагычтар сатылып алынган. Аудиовизуалдык документтер менен иш жүргүзүүнү күчөтүү үчүн Т.А. Досалиев тарабынан аудиовизуалдык документтер менен иштөө жана маалыматтык технологиялар бөлүмүн түзүү демилгеленип, бул архивдин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк түздү.

Мамлекеттик кызмат системасында көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Турсуняз Досалиев 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз. Чыныгы инсан, котормочу, тилчи Турсуняз Досалиевдин жаркын элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А.У. Жапаров, Э.Ж. Осконбаев, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, К.К. Ташиев, Ж.С. Кыдыкбаев, М.К. Сарбагышев, Б.З. Тулобаев, А.Т. Тумонбаев, А.Дж. Джунушалиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Исанов, Т.О. Иманов, К.Т. Туманбаев, А.Н. Абдылдаева и др.

Связанный пост