Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

 Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык бажы органдарына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда), 241-беренесинде (Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу), 285-беренесинде (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укук берилет.

Связанный пост