Базар-Коргон районунда калктын аярлуу катмарына 50 тонна көмүр таратылып берилди
Базар-Коргон районунун Кенеш айыл аймагында калктын аярлуу катмарына Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50 тонна көмүр жардам иретинде таратылып берилди.
Мындан сырткары Кенеш айыл аймагынды 2 топ база уюштурулуп көмүрдүн баасы 5-5,50 сомдон сатылып жатат.
Ошондой эле, кышка даярдыктын алкагында социалдык объектилерге электр ток берүүчү кыймылдаткычтары алынып, 10 мектеп жана 5 бала бакчага жергиликтүү бийлик тарабынан тапшырылды.
Белгилей кетсек,️ Президент Садыр Жапаровдун кышка карата даярдык көрүү жана элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасынын негизинде Кеңеш айыл аймагында көмүрдүн баасы 5-5,50 сомдон сата турган жайлар уюштурулду.
Өкмөт башчысы М.Алкадыров суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып тураарын белгиледи.