Баткенге жардам. Финансы министрлиги бюджеттен дээрлик 500 млн сом бөлдү

 Баткенге жардам. Финансы министрлиги бюджеттен дээрлик 500 млн сом бөлдү

Баткен окуясына байланыштуу Финансы министрлиги республикалык бюджеттен 497 млн 60 миң сом бөлдү. Бул тууралуу КР финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, бул сумма жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоого багытталды.

“Каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана облустун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жөнөтүлүп, жогорудагы айтылган министрликтердин арыздарына ылайык каржыланды”, – деди чиновник.

Связанный пост