Баткендин Кара-Булак айыл өкмөтүндө пилоттук негизде “Тазалык” ишканасы ачылды

Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде “Тазалык” ишканасын ачуу демилгеси облуста биринчи болуп Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында ишке ашты. Бул тууралуу КРнын Прездентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Нурланбек Ражабалиев аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Облус башчысы өз сөзүндө “Тазалык” ишканасын жер жерлерде ачылышы, айлана чөйрөнүн тазалыгы, жарандардын саламаттыгы үчүн мааниси зор,ошондой эле жаңы жумуш орундары да түзүлөт. Алдыда бул иш аракетти облус аймагына жайылтабыз. Ошондой эле Дара айыл аймагындагы таштандыны кайра иштетүүчү кичи ишкананын аракетин да айыл аймактарга жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда” деп белгиледи.

“Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүгүн колдоо максатында Кара-Булак айыл аймагынын бюджетинен 300миң сом бөлүнүп берилген.

Учурда ишканага жетекчи болуп дайындалган Жумабай Осмонов өздүк салым катары өзүнүн жеке унаасын таштанды жыйноо үчүн пайдаланууда.

Айыл аймакта ар бир жаранга ай сайын таштанды үчүн 15 сом төлөм бекитилген.

Өзүн өзү каржылоо багытында ачылган ишкана, алдыда жумушчулардын санын көбөйтүүнү пландоодо.

Связанный пост