Баткенди өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн: 36 долбоор ишке ашты
Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен 500млн сом бөлүнүп берилүүдө.
2023-жыл ичинде 541 млн 800 миң сом бөлүнүп берилди.
Бөлүнгөн каражат эсебинен облуста жалпысынан 40 иш чараны ишке ашыруу пландалып, бүгүнкү күндө 36 долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Жер жерлерде өнүктүрүү багытында иш аракеттер жүрүп, 17 долбоор пайдаланууга берилип, 19 долбоордун үстүндө иш жүрүп жатат.
Бул тууралуу бүгүн 22-январда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Министрлер Кабинетинин жыл жыйынтыктаган жыйынында маалымат берди.
Учурда пайдаланууга берилген объекттер төмөнкүлөр,
1.Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында “Жашыл бак” интенсивдүү кооперативи
2.Бешкент айыл аймагында “Шоро” насос станциясы
3.Сумбула айыл аймагында “Айна–Таш-Танги Башы” сугат суу түтүгү
4. Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылында “Оут-Маргун” суу түтүгү
5.Тогуз-Булак айыл аймагында “Танги–Айбике” сугат суу түтүгү
6. Ак–Суу айыл аймагында “Ак–Суу ирригациялык каналын 2000 метрге узартуу долбоорунун долбоордук–сметалык документтерин даярдоо иштери
7.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында курулуш материалдарын иштеп чыгуучу муниципалдык кичи цех
8. Лейлек айыл аймагында скважина казуу аркылуу жер астынан суу чыгаруу
9. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы муниципалдык тигүү цех
10.Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы муниципалдык коомдук мончо капиталдык ремонттон өткөрүлүп, багытын өзгөртүп “Кийим тигүүчү жана килем тигүү цехине айланды.
11.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылына гилем тигүүчү жана кийим тигүү цехи
12.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы кийим тигүү цехи
13.Баткен районунун аймагындагы сугат суу тартыш айылдарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо максатында Баткен районунун Кара-Булак, Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр жана Кара-Бак айыл аймактарында жалпы 9 скважинанын курулуш иштери бүткөрүлдү
14.Кадамжай районунун Совет айылында скважина
15.Исхак Полотхан айыл аймагынын Чекелик айылына бир скважина курулжу жана Ынтымак, Курулуш айылдарында эки скважина капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү
16.Алга айыл аймагынын Алга жана Жаңы–Чек айылдарында 4 скважина капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү
17. Кыргыз–Кыштак жана Кайтпас айылдарында 2 жаңыдан скважина курулду жана 2 скважина капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү.