Ош шаардык клиникалык ооруканасына 300 орундуу кошумча жаңы имарат курулат

 Ош шаардык клиникалык ооруканасына 300 орундуу кошумча жаңы имарат курулат
Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров алып барып, анын алкагында саламаттык сактоо тармагында бир канча жетишкендиктер боюнча баяндамалар жасалды.
Маалым болгондой, Ош шаарында жалпы 22 мамлекеттик медициналык мекеме ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Шаарда 2023-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны 3 227 түзсө, ал эми 2022-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны 3 212 түзгөн. Башкача айтканда айлык маянасынын көбөйгөндүгүнө байланышту медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны көбөйгөн.
Мамлекеттик жеке менчик кызматташуунун негизинде Ош шаардык клиникалык ооруканасына КТ жана МРТ аппараттары орнотулуп ишке берилип, жеке менчик медициналык мекемелерге караганда жарандардын КТ жана МРТ изилдөөлөрүнүн баалары арзан болууда. Ош шаардык клиникалык ооруканасына Кытай Эл Республикасы тарабынан берилүүчү 5 млн. АКШ доллардык заманбап үлгүдөгү аппараттарды жайгаштыруу үчүн кошумча имаратын курууга акча каражат мамлекет тарабынан каржыланып, курулуш иштери башталды.
Ошондой эле Ош шаардык клиникалык ооруканасынын шаар аймагында башаламан жайгашкан бөлүмдөрүн бир жерге жайгаштуруу, орундардын жетишпегендигин чечүү максатында оорукананага 300 орундуу кошумча жаңы имаратын куруу маселеси мамлекет тарабынан чечилип, ага капсуласын куюу 2024-жылдын февраль айына болжолдонууда.

Связанный пост