Баткенде жазгы талаа иштери 70% аткарылды
Баткен облусунда жазгы талаа иштери 70%га аткарылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун аймагында жалпы айыл чарба багытындагы жер аянттары 33 миң 199 гектар болсо, анын ичинен жазгы кылкандуу дан эгиндери 14 миң 745 гектар аянтка себүү пландалып, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 11 913,9 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилип, 80,8 пайызга аткарылды.
Ошондой эле быйыл жалпы район боюнча 4725 гектар янтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.
Ал эми жалпы Баткен облусунда айыл чарба багытындагы 73 миң 761 гектар жер бар. Анын ичинен 36 миң 197 гектар сугат, 37 миң 474 гектар кайрак жерлер.
Быйыл жалпы 7 376 гектарга күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.
Ал эми жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү үчүн жалпы 19 840 гектар жер пландаштырылган: 8 199 гектар – буудай, 11 729 гектар – арпа.
Бүгүнкү күнгө карата 5 833 гектарга буудай, 7987 гектарга арпа, жалпы 13 820 гектарга себилип, иш дээрлик 70%га аткарылды.
Быйылкы жылга жалпы 46 133 гектар жер айдоо пландаштырылып, бүгүнкү күнгө 26 812 гектар жер айдалып, 58,1%га аткарылды.
Үрөн менен камсыздоо максатында облус аймагында 7 үрөн чарбалары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Облус боюнча жаздык кылкандуу дан эгиндерине керектелүүчү үрөн 3446 тоннаны түзөт. Анын ичинен 1462 тонна буудай, 1984 тонна арпа үрөнү. Бүгүнкү күнгө топтолгон үрөн 3327 тонна.